• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстан менен Беларусиянын чек арачылары кызматташтыкты күчөтөт

Коом 0

Бишкек 02.03.18. /Кабар/. Кыргызстан менен Беларусиянын чек арачылары кызматташтыкты күчөтөт,-деп билдирет Мамлекеттик чек ара кызматынын (МЧК) коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү.

Маалыматка ылайык, 1-мартта Минскте (Беларусия Республикасы) Кыргызстан менен Беларусиянын чек ара ведомстволорунун жетекчилери ортосунда жолугушуу болгон.

Кыргызстандын чек ара кызматынын делегаттарын МЧКнын төрагасы Уларбек Шаршеев жетектеген, Беларусиянын атынан Мамлекеттик чек ара комитетинин төрагасы Анатолий Лаппо катышкан.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн чек арасындагы абалды, аны өнүктүрүүнүн тенденциясы, ошондой эле коркунучтар жана көйгөйлүү маселелерди талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында ыкчам-кызматтык ишмердүүлүк боюнча эки тараптуу кызматташтык боюнча келишимге, чек ара кызматтарын техника менен камсыз кылуу жана кадрларды даярдоо багытындагы келишимдерге кол коюшту.

Пикир

Оставить комментарий