• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

5-декабрга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 05.12.24. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 5-декабрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Талас облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоо этектерде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +4...+9, Талас облусунда +3...+8, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +4...+9, Ысык-Көл облусунда +2...+7 градус жылуу болот. Нарын облусунда 1...-4 градуска чейин төмөндөйт.

Абанын табы Бишкек шаарында +7…+9 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий