Бишкек, 04.10.18. /Кабар/. Эртең, 5-октябрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 23...28,
Талас облусундатүнкүсүн 2...7, күндүз 22...27,
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8...14, күндүз 24...29,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 19...24,
Нарын облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 19...24 градус болот.
Эртең борбор калаабыз Бишкек шаарында күн ачык болот, жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11, күндүз 25…27 градус жылуу болот.
Пикир
Оставить комментарий