• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Социалдык өнүктүрүү министри жарандар менен жолукту - эмнелер талкууланды?

Коом 0

Бишкек, 27.11.18. /Кабар/. Бүгүн Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров жарандар менен жолугушуп, алардын көйгөйүн укту.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, кабыл алуу саатында министр 14 кишини кабыл алууга жетишкен. Жолугушууда жарандар балдарына материалдык жардам, жөлөкпул, санаториялык дарыланууга жолдомо алуу маселелерин айтышкан.

“Ошондой эле ипотекалык насыя, гуманитардык жүк, балдарга тейлөө көрсөткөнгө имарат бөлүп берүү маселелерин чечип берүүнү суранышкан”, - деп кошумчалашты министрликтин басма сөз кызматынан.

Мындан тышкары, жарандар калктын аяр катмарына социалдык кызматтарды жакшыртуу боюнча сунуштарын, эскертүүлөрүн айтышкан.

У. Кочкоров келгендердин суроолоруна жооп берип, министрликке кайрылган бир да жаран көңүл сыртында калбаш керектигин билдирген.

“Мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша мыйзам чегинде жарандардын маселелерин чечебиз”, - деп белгилеген министр.

Пикир

Оставить комментарий