• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Зулушев: президенттин ар бир кабыл алган чечими аткарылууга тийиш

Коом 0

Бишкек, 04.06.22. /Кабар/. КРнын башкы прокурору кызматынан тергөө мезгилине убактылуу четтетилген Курманкул Зулушев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирүү калтырып, жарандардын кайрылууларына жооп берүүнү туура көргөндүгүн жазды.

"Урматтуу мекендештер!
Урматтуу массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү!

Сиздердин кайрылууңуздарга өзүмдүн баракчам аркылуу жооп берүүнү туура көрдүм.

Урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевичтин кабыл алган буйругу талкууга жатпайт. Анткени, өлкө башчысынын ар бир кабыл алган чечими аткарылууга тийиш.

Калыстык бул ар бир адамдын абийир соту. Мен дагы эч качан калыстыктын таразасын, акыйкаттын ташы жок тарткан эмесмин. Кандай иш болбосун тактап, мыйзам чегинде баа берип келемин. Жөнөкөй жаранбы, мамлекеттик кызматкерби, мыйзам баарына бирдей! Менин милдетим - мыйзамдардын так жана даана аткарылышына көзөмөл жүргүзүү", - деп билдирүү калтырган ал.

Эске сала кетсек, президент Алымкадыр Бейшеналиев жана Курманкул Зулушевди тергөө мезгилине ээлеген кызматтарынан убактылуу четтеткен.

Белгилей кетсек, буга чейин Алымкадыр Бейшеналиев коррупцияга шектелип кармалган. Башкы прокуратура министрге карата жети кылмыш ишин козгоду.

Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин дагы үч кызмат адамы коррупцияга шектелип кармалды. Андан тышкары, Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри түзгөн келишим казынага 55 млн сом зыян келтиргендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий