• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Коронавирус: АКШда карантинге алынган кемеде эки кыргызстандык бар – ТИМ

Коом 0

Бишкек, 09.03.20. /Кабар/. АКШнын Калифорния штатынын жээктеринде "Grand Princess" саякат кемеси коронавируска байланыштуу карантинге алынды. Ал кемеде Кыргызстандын эки жараны бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, кеме андан түшүп калган эки жүргүнчүдө коронавирус аныкталгандыгына байланыштуу карантинге алынган.

Кеме карантинге алынганы тууралуу маалымат айтылгандан кийин кемеде Кыргызстандын жарандары бар же жоктугун билүү үчүн Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчилиги АКШнын тиешелүү органдарына жана кемеге ээлик кылган "Princess Cruises" компаниясына кайрылган.

"6-март күнү АКШнын мамлекеттик департаментинен Кыргызстандын элчилигине расмий нота келип, анда кемеде эки кыргыз жараны бар экени айтылат", - деп билдиришти министрликтен.

Министрликтен белгилешкендей, элчилик кыргыз жарандары менен байланышка чыкканда алар өздөрүн жакшы сезип жатканын жана тамак үч маал берилип, бардык жүргүнчүлөрдү өз каюталарында кармап жатышкан билдиришкен.

"Элчилик бул маселени көзөмөлүнө алып, "Grand Princess" кемесиндеги КР жарандары менен байланышта болууда", - деп билдиришти министрликтен.

Ошондой эле элчиликтин маалыматына ылайык, бүгүн, 9-мартта аталган кеме тез жардамга жана ооруканага жаткырылууга муктаж жүргүнчүлөрдү түшүрүү үчүн Калифорния штатынын Окленд портуна барат.

Пикир

Оставить комментарий