• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Оштун мэри акы төлөнүүчү автоунаа токтотуучу жайларды жойду

Аймак 0

Ош, 04.10.19. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Т.Сарыбашов Ош шаарында акы төлөнүүчү муниципалдык автоунаа токтотуучу жайларды жоюу жөнүндө буйрука кол койду.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, мындан ары мыйзамсыз жыйым топтогон жарандар административдик жоопкерчиликке тартылат.

Ошто бардыгы болуп 26 мунипициалдык акы төлөнүүчү автоунаа токтотуучу жай бар.

Мэриядан толугураак маалыматты кийинчерээк бере тургандыктарын кабарлашты.

Пикир

Оставить комментарий