• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери кесиптик майрамын белгилешти

Аймак 0

Бишкек, 01.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 1-ноябрь күнү К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык-драма театрында кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 97 жылдык салтанатына арналган майрамдык иш чара болуп өттү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, майрам ээлерин куттуктоого КР президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев, облустук укук коргоо органдарынын, күч түзүмдөрүнүн, фискалдык кызматтарынын жетекчилери жана коомдук уюмдарынын өкүлдөрү келишти.

"Майрамдык иш-чара милиция кызматкеринин күнүмдүк турмушун чагылдырылган сахналыштырылган кичи спекталь менен башталды. 15 мүнөттүк театрлаштырылган көрсөтүүдө баш каармандын кызыктуу, ошол эле учурда татаал жагдайга туш болгон окуясы баяндалат. Кезектеги кылмыш бетин ачкан милиция кызматкери, кылмыштан жабыркаган аялдын алкышын албастан, кылмышкердин энесинин каргышын да өзүнүн даарегине угат. Андан тышкары, көрүүчүлөр театрлаштырылган көрсөтүүнүн каармандары: милиция кызматкеринин жана кылмышкердин ички дүйнөсүн, алардын ар биринин турмушка болгон өздөрүнүн философиясын, кылмыштуулукка болгон көз карашын сахнадан көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты", - деп айтылат маалыматта.

Театрлаштырылган көрсөтүүдөн кийин Ысык-Көл ОИИБдин начальниги Канат Жумагазиев кесиптештерин кызуу куттуктап, Кыргыз милициясынын тарыхта эң чоң, олуттуу орду бар экендигин өзгөчө белгилеп, коомдун өнүгүшүнө бут тосуп, кедергесин тийгизип турган кесепеттерге тынымсыз иш жүргүзүп, күн жана түн дегенди билбей табигаттын татаал мезгилиндеринде да элдин коопсуздугун коргоп жүргөн милиция кызматкерлеринин түйшүгү көп эмгегинде, эл менен эриш-аркак иш алып барып, албан ийгиликтерди жаратууга тилектештигин билдирди.

Андан соң президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Мирбек Кожоев облустук укук коргоо жана фискалдык органдардын, мекеме-ишканалардын жетекчилери, күч структураларынын жана аскер бөлүктөрүнүн кол башчылары, коомчулуктун өкүлдөрү дагы өздөрүнүн күттүктоо сөздөрүндө милициянын жумушу канчалык түйшүктүү экендигин белгилешип, иштерине ийгиликтерди калоо менен ар дайым кызматтан үйлөрүнө кырсыктан тышкары болуп, аман-эсен келишин каалап кетишти.

Жыйынтыгында КР Ички иштер министринин жана Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын майрамдык буйруктары окулуп, кызматтарында өзгөчөлөнгөн бир катар кызматкерлер, ардактуу ардагерлер, ошондой эле кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерлердин жубайлары сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий