• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Талас райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун оңдоо иштери толук кандуу жүрүүдѳ

Аймак 0

Бишкек, 09.09.20. /Кабар/. Талас облусунун Көк-Ой айылындагы Талас райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун оңдоп-түзѳѳ иштери толук кандуу жүрүүдѳ. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Талас райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун оңдоо иштери 2019-жылдын август айында башталган. Объекттин наркы 47 млн 322 миң 986 сомду түзөт жана 160 койкалуу орунга эсептелинген.

Капиталдык оңдоп-түзөө иштери башталгандан бери республикалык бюджеттен жана “Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөшүү” коомдук фонддун эсебинен жалпысынан 22 млн 500 миң сом каржыланды.

Ооруканада жылытуу тармагы толугу менен алмаштырылды, электртутамдары кайрадан жасалып чыкты, суу өткөрүүчү жана канализация түтүктөрү орнотулуп бүттү. Учурда ички дубалдарды жасалгалоо жана имараттын чатырын оңдоо жумуштары жүргүзүлүүдө жана пол, кафель коюу жумуштары жасалып жатат. Андан тышкары эшик-терезелер жана ички тосмолор орнотулууда, фасадды сырдоо жумуштары жүрүүдө.

Ал эми желдетүү тармагын калыбына келтирүү үчүн 200 м3 кѳлѳмүндѳгү септикти орнотуу иштери аткарылууда. Имараттын ичиндеги лифт ажыратылып, ордуна жаны лифт орнотулуп жатат жана өрттөн коргоо сигнализациясы коюлууда. Объектти толук кандуу суу менен камсыздоо максатында скважинанын бургулоо иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий