• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Волейболчу кыздар Азия чемпионатында коло байгеге ээ болушту

Спорт 0

Бишкек, 01.11.21. /Кабар/. Кыргызстандын волейбол боюнча 19 жашка чейинки кыздар курама командасы аймактык Азия чемпионатында 3-орунду ээледи. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 26-30-октябрь күндөрү Өзбекстандын Наманган шаарында болуп өттү.

Аталган чемпионатка жалпы 4 курама команда катышы. Алар: Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстан. Командалар бири-бири менен беттешип, жарым финалда Кыргызстан 3:2 эсебинде Казакстанга жеңилген. Ал эми 3-орун үчүн күрөштө Тажикстан курамасы менен ойноп 3:1 эсебинде жеңип, коло байгеге ээ болушту.

Турнирдин жыйынтыгы менен курама команданын мүчөсү Айтурган Айтбекова “Мыкты диоганалчы”, ал эми Нургазы Көкчолоков “Мыкты калыс” наамына ээ болду.

Белгилей кетсек, курама команда башкы машыктыруучу Нурланбек Тойчубековдун жетекчилиги алдында турнирге катышты.

Пикир

Оставить комментарий