• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

7 айда Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү $8,8 млрд түздү

Экономика 0

Бишкек, 10.09.24. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2024-жылдын январь-июлунда 8,8 млрд доллары түздү. Бул тууралуу Бишкектеги брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүч 2023-жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 4,7 пайызга көп. Мында экспорттук берүүлөр 3,7 пайызга төмөндөп, ошол эле учурда импорттук түшүүлөр тескерисинче 6,7 пайызга көбөйгөн.

"Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү 2024-жылдын январь-июлунда 2,4 млрд.АКШ долларын түздү жана 2023-жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 8,7 пайызга төмөндөдү. Бул мезгилде республиканын өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга (71,3 пайыз) жана Казакстанга (26,8 пайыз) туура келди", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий