• 86.2
  • 91.48
  • 0.88

70 жылдык мааракеге карата: Асан Жакшылыковдун бүгүнкү бийиктигинин он эки кыры

Коом 0

Кыргыз эл жазуучусу, залкар акын, ойчул эссеист, универсал илимпоз Асан Жакшылыковдун бүгүнкү бийиктиги ал тууралуу атайын сөздү талап кылат. Жазуучунун чыгармачылыгы миң кырлуу буюмга окшойт, анын баарын сөз кылып отурууга бул жапырак кагаздын мүмкүндүгү чектелүү.

Биринчиден, ал – лирик акын. "Таңдын ырахаты" (1969) аттуу алгачкы китебинен тартып, "Улуу шашке" (1977), "Бейпил көктөм" (1979), "Белес", "Макмал төр" (1983), "Ыклас" (1985) аттуу онго жакын китебин окурмандар, адабиятчылар, сынчылар жакшы кабылдаган.

Экинчиден, ал – эпик акын. Кыргыз адабиятынын тарыхында ыр менен роман жазган төртүнчү адам. "Мээрим" (1987) романынан кийин жарык көргөн китептеринин ичинде ырларга да, поэмаларга дагы орун берилген. Ал эми ичине 20 поэма кирген "Ыр чабыт" (2008) аттуу жыйнак акындын бул жанрда абдан берилгендик, жоопкерчилик менен иштеген чыгармачылык түйшүгүн көрсөтөт. Ар бири өз алдынча чоң маселени көтөргөн, өз кезегинде лириканын тулкусуна батпай турган ойлордон турган салмактуу чыгармалар. Деген менен, лирикаларында дагы, поэмаларында дагы акын кыргыз турмушуна тиешелүү, дегеле адамзаттык маанидеги ойлорду козгойт. Бул тууралуу: "... тээ Адам Ата, Обо Энеден баштап, Нух пайгамбардын тушундагы топон суу, байыркы кыргыздардын көчмөн турмушу ("Адам ата баяны" менен "Топон суу жана тайгак жол жөнүндө балладаны", "Макмал төр" менен "Көкөй кестини" айтып жатабыз), кыргыз адамы колуна кармаган алгачкы комуз ("Комуз" чыгармасында) баянынан баштап, кыргыз калкы, дегеле адам баласы башынан өткөргөн руханий улуу тарыхты таржымалдаган... Бул канча кылымдык алкак жүрүп отуруп кечээги Үркүн, андан бери Ата мекендик согуш ("Мээрим" романы, "Каниет" поэмасы), соңкусу бүгүнкү күнгө ("Соку таш, дүрбү, үч жол жөнүндө насыят" балладасы менен "Ата намыс" поэмасын карасаңыз) биригет. Бир өңүтү адамзат жашоосунун башталышын, экинчиси эң кийинки кылымдын ырын камтыган катмар калың да, бай да, кыртышы семиз" – деген таризде мурда айткан ойлорубуз бар. Акындын "Өмүр", "Аскадагы нур" өңдөнгөн поэмалары лирикалык каармандын Асман Теңирге жолуккандагы сезим туйгуларын, адамдын бир эле мезгилде Жердин да, Көктүн да жан бирдиги экендигин аңдагандыгын чагылдырат. Бул ой акындын андан кийинки дээрлик бардык чыгармаларында өнүктүрүлгөн.

Акындын поэтикалык изденүүлөрүнүн ичинде балдарга арналган ырлардан турган "Жайлоодо" (1977), "Жазгы байыр" (1995) аттуу китептери бар. Ырас, андан кийин агай бул жаатта атайын аракет кылганы байкалбайт. Бирок поэзиядан кол үзгөн жок. Тескерисинче, "түгөнгөн сайын түтөдү" таризинде эмгек кылды. Буга башкасын айтпаганда дагы 70 жылдык мааракесин утурлай басмага сунган "Бүркүт уя" жана "Кыя жол" китептери бар. Булар – өзүнчө сөз!

Үчүнчүдөн, ал – чыгармачылыгы лирикага сыйбай, өзүнөн-өзү кара сөзгө багыт алган прозаик. Буга анын "Элет аңгемелери" мисал. Юмору күчтүү, доордун ар түркүн оош-кыйыштарын, адам мүнөзүндөгү, тагдырындагы түркүн сапат, көрүнүштөрдү жымсалдап жумшак тил менен сынга алган, окурмандын көкүрөгүнө жакшы-жаман делген нерсени жугумдуу жеткирген аңгемелерди көбүнесе Шукшиндин аңгемелерине окшоштурушат.

Төртүнчүдөн, агай – котормочу. Ал Пушкиндин, Р. Тагордун, Л. Леоновдун, Э. Межелайтистин, Г. Эминдин, Б. Олейниктин, Абайдын, М. Смеляковдун ж.б. акындардын айрым чыгармаларын кыргызчага которгон. Өзүнүн ырлары орус, украин, казак, монгол, англис, молдова тилдерине которулган.

Бешинчиден, Асан Жакшылыков – илимпоз. Анын бир нече эмгеги адабияттын теориялык маселелерине арналган. Айталы, кыргыз акындар чыгармачылыгында өзүнүн ички дүйнөсүнө үңүлүүнүн башталышын Токтогул Сатылганов менен байланыштырган кызык ойлорун акын Роза Карагулованын "Жаңырык" (2017) аттуу китебине жазган мазмуну бийик баш сөзүнөн окууга болот. Канча жыл катар Кыргыз радиосунан Арстанбек тууралуу изилдөөлөрүн угармандар кызыгуу менен тыңдашты. "Кыргыз жолу" (2006), "Кыргызчылык" (2009) аттуу китебинде кыргыздын басып өткөн жолун, ишенимдерин, дүйнө таанымын, этнографиясын такыр башка жаңы маалыматтар менен байланышта ынанымдуу иликтөөгө алат.

Алтынчыдан, Асан Жакшылыков – орошон ойлуу эссеист. "Эссе", "эссеист" түшүнүктөрү, балким, бизге жаңы нерседир. Балким, "прозанын ичинде сыяктанган жанрды өзүнчө кароонун зарылдыгы барбы?" деген ой жаралаар. Албетте бар. Бул – бүгүнкү заман талап кылган көркөм жанр. Азыр коом баягы бир кездегидей калдайган романдарды окуп, андан жыйынтык чыгарып, идеясын жоромолдоп отургудай шартта эмес. Убакыт тар, ритм башка. Азыр роман камтый турган чоң ойду, актуалдуу маселелерди чакан жанрда, бирок көркөм, элестүү, конкреттүү, таасирдүү жеткирүү зарылдыгы бар. Бул милдетти эссе аткарат.

Эсселеринде Токтогул, Тоголок Молдо, Чалагыз, Төрөкул, Түгөлбай, Чыңгыз, Алыкул менен Сүйүнбай, Жолон өңдөнгөн ага муундун да, орто муундун да көрүнүктүү инсандарынын эмгеги, жараткандары акындын дил төшөгөн астейдилдиги менен сөзгө алынат. Эгемендиктин алгачкы жылдары Асан агай биринчилерден болуп эне тил, "Манас", улуттук баалуулуктар тууралуу айтып чыкканына эсселер күбө.

Ал – чоң тилчи. Акында тилдин чоң стихиясы бар. Өзгөчө "Рамис жөнүндө сөзүн" айтсак, эссенин жөнөкөй автор тарабынан эмес, таланттуу акын тарабынан жазылганы андагы эргиген эмоция менен күчтүү интуициянын, сыр билгилик менен астейдилдиктин, акындык сезим менен туюмдун, психологизм менен сүрөткерликтин, көрүү менен аңдоонун ажайып шайкештигинен көрүнөт. Курулай сөз менен ички кан-жанды жиреп чыккан сөздүн, көнүмүш сөз менен өзгөчө сөздүн ажырымы акындын төгүлүп-чачылып жазган агедил макаласынын бир сүйлөмү толкуган-ташыган бойдон көбүрүп-жабыра китептин бүтүндөй бир бетине жайылып акканынан көрүнөт. Бул жөн гана экиленген сүйлөм курулмасы эмес, акындын ээ-жаа бербеген, кыйырсыз-чексиз ички төгүлүүсү. Кыргыз тилинин кубаттуу күчү!

Ал – манас таануучу. "Сагымбай" эссеси буга мисал. "Манас" боюнча мыйзамдын эң алгачкы саптары Асан агайдын үйүндө жазылып баштап, кийин парламентке сунушталып, анан ишке ашкандыгын замандаштары жакшы билет. Кытайлар "Манасты" өз атынан ЮНЕСКОго каттап алганда ЮНЕСКОнун Адамзаттын материалдык эмес баалуулуктарын каттоо боюнча репрезентативдик документтерин даярдоону Мыйзамдын алгачкы штрихтерин тарткан үч адамга Адаш Токтосунова, Азиза Океева сыяктуу аялзаттары кошулуп, чогуу башташкан. Мындан жети жыл мурда Кыргыз радиосунун эфиринен анын өзүнүн көркөм окуусунда жана чечмелөөсүндө "Манасты" ар кыл өңүттө чагылдырган музыкалардын коштоосунда 300дөн ашык Сагымбайдын "Манасы" боюнча көлөмдүү берүүлөр кеткен. Элдин суроосу менен кийинки жылы кайрадан кайталанып уктурулган. Калайык-калкка эпосту таанытуунун, түшүндүрүүнүн бул ыгы өз кезегинде жемишин берди, элге "Манасты" кайтарды. Бул салт жазуучунун кийинки жылдан тартып Арстанбек тууралуу 100дөн ашык Кыргыз радиосунан үзгүлтүксүз угузулган берүүлөрү аркылуу улантылды. Бул айтылып аткандар анын "Залкарлар жана замандаштар" (2018) аттуу китебинен орун алды.

Асан Жакшылыков – коомдук ишмер. Ал бүгүнкү күндө жетектеген "Манас-эл" коому "Манастын" тегерегинде көп иш-чараларды ишке ашырып, манасчылыктын өнүгүшүнө салым кошуп келатат. Жер-жерлерде "Манас" айтууну уюштуруу, үчилтиктин өзүнө гана эмес, айтуучунун табиятына үңүлүп, анын кырларын ачуу – аталган коомдун ишмердиктеринин бири.

Онунчу өзгөчөлүк, Асан Жакшылыков – жакшы устат. Биздин адабиятта төбөсү көрүнгөн эл акындары, эл жазуучулары адатта аркасындагыларды теңине албайт. Агай мурдагы муун менен кандай жылуу мамиледе болсо, өзүнөн кийинкилер менен дагы ошондой чыгармачылык байланышты бекем сактайт, пикирин билдирет, колдойт.

Он биринчи, Асан Жакшылыковдун көптөгөн чыгармаларына көрүнүктүү композиторлор тарабынан обондор, романстар чыгарылып, Кыргыз мамлекеттик телерадиокомпаниясынын алдындагы "Кыргыз элинин музыкалык Алтын Фондусуна" кабыл алынган. С. Осмонов менен биргеликте "Махабатка кездешүү" (2009) аттуу романстар жыйнагын чыгарышкан.

Акыркысы, Асан Жакшылыковдун адамдык бийиктиги өз кезегинде анын чыгармачылыгына дагы таасир эткени жашыруун эмес. "Асан чакырык" (2005) аттуу китебиндеги ойлор муну тастыктайт. Ырас, анда сөз толук чыгармачылык тууралуу жүргөн менен, андагы авторлордун улуу муундан тартып эң кийинки муундун өкүлдөрүнө чейин болгондугу жана алардын бардыгы агынан төгүлө ой айтканы – мунун өзү залкар акынды алардын эң ириде адам катары урматтагандыгынын белгиси. Асан Жакшылыковдун бүгүнкү бийиктиги – жалпы кыргыз адабиятынын жетишкендиги.

Дал ушул бийиктиктин кылда учунда туруп акындын биз жогоруда сөз кылган "Бүркүт уя" менен "Кыя жолду" элине тартуулап отурганы чоң нерсе. Чыгармачылыгына ар дайым окурман катары, кийинчерээк илимге кичинеден аралаша баштаган адам катары көңүл буруп келаткан, а тургай өз кезегинде агайдын жалпы чыгармачылыгы тууралуу докторлук диссертация жазып, ушундай универсалдуу чыгармачылыкты баалабай илимдеги билермандар "диссертабелдүү эмес тема" деп ишимди толук жаратпай койгон адам катары айтсам, алгач менде "буга чейинки бийик, ойлуу, терең поэзиясынын жанында бул китептер эмне берет?" деген суроо турганын жашырбайм. Бирок окуй келгенде көрдүм, буга чейин "татаал ойлоп татаал жазган" акын бул жолкусунда ырларын "татаал ойлоп, жөнөкөй берген" экен, акыры келип окурмандарын "аяган" экен. Интеллектуалдуу китепкөйлөр да, карапайым окурмандар да окуса, жеңил түшүнө турган "ачкычты" тапкан экен акын. Асмандан, Кудайдан, ааламдан жерге "түшүп келип", замандаштарына, окурмандарына "жакындаптыр". Бир кезги бир окуган сапты кайра үңүлүп окууга мажбурлаган поэзиясы жөнөкөйлөшүптүр. Карапайым адамдын, карапайым кыргыздын санаасындагы, көңүл туйгусундагы нерселерди жеңил жеткириптир. А бирок, деген менен, баягы акындык озуйпа, акындык милдет дагы эле өз өңүн таанытып турат. "Бүркүт уянын" алгачкы эле беттериндеги "Улуу тут", "Ачык сөз", "Өмүр эмне", "Тайыба!", "Өтүнүч", "Комуз", "Нээт жалгоо" ж.б. ырлар, аталыштары эле айтып тургандай, дагы эле өз элинин, улутунун, анын тарых-тагдырынын, маданиятынын кечээги-бүгүнкүсүнө чындап күйгөн, акындын ириде жарандык позициясын айкындап турган ырлар экен.

"Бүркүт уяга" салыштырмалуу "Кыя жолду" окуу окурманга кыйын. Мында негизинен акындын жеке тагдырын, табуусун, жоготуусун чагылдырган ырлар орун алган. Өмүрлүк жары Гүлүмжан эже менен чолпондой кызы Алтынайдын ордун жоктоо ирээтинде жазылган ырлары окурмандын сай-сөөгүн сыздатат. Турмуш чындыгын моюнга алуу, ынануу, ийненин көзүнчөлүк жылчык таппай калган жерден кайра чыйралып, алды жарык, кең жол табуу, өзүн эле эмес, дүйнөнү бүтүн сооротуу – ушул маанай, ушул эрк, ушул кайрат чыгарманын өзөгүн көзөп өтүп, жок болгон жерден бар кылып, өчкөн жерден тутантып, акын жеке тагдырынын эле эмес, бүтүндөй дүйнөнүн билигин өйдө көтөргөнсүп, жалынын тутантып, отун алоолонтконсуп, мында деле баягыдай, жеке нерсе менен чектелбей, өзүнүн кайгысына бүтүн ааламды чулгап, кайра ааламдын көз жашын сүртүп, айтор, миң алакет изденүүдөн өзү өткөнү аз келгенсип, окурманын кошо өткөрөт. Ырлардагы астейдилдик бир гана ушул тагдыр ырларына эмес, биз жогортон сөз кылган эл, жер, мекен, асман-кудай темаларында дагы эң даана көрүнөт. Ошол жасалмасыз боёгу менен окурмандын көңүлүнө терең орноп, ал ырлар адабияттагы атайын акыл үйрөткөн көп чыгармалардан өйдө турат.

Аида Эгембердиева, акын, филология илимдеринин доктору, И. Арабаев атындагы КМУнун профессору

"Кут билим" гезити (2019-жылдын 14 июну)

Пикир

Оставить комментарий