• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Таласта Элдик курултайга делегаттарды шайлоо кызуу жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 05.11.22. /Кабар/. Таластын Бакай-Ата району боюнча жергиликтүү курултайларда 418 делегат шайланган.

Ал эми Элдик курултайга 9 айыл өкмөтүнөн жалпысынан 18 делегат шайланат. Ар бир айыл аймакта белгиленген график менен жыйындар өтүп жатат. Азыркы учурда Шадыкан айыл аймагында мурда шайланган 40 делегаттын ичинен төрт адам Элдик курултайга катышуу үчүн талапкерлигин койду, анын ичинен эки делегатты тандоо үчүн жабык добуш берүү жүрүп жатат.

Ошондой эле Талас районунун Көк-Ой айыл өкмөтүндө жергиликтүү курултайга 50 делегат катышты. Алардын ичинен эки делегат 25-ноябрдагы Элдик курултайга катыша турган болду.

Мындан сырткары, Көк-Ой айыл аймагын өнүктүрүүнүн алкагында көйгөйлүү маселеллер аныкталып, Элдик курултайда сунуштоо жагдайы белгиленди.

Эске салсак, Элдик курултай Бишкекте 25-ноябрда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий