• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

8-сентябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 08.09.22. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бугүн, 8-сентябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, Ысык-Көл, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +28...+33, Талас облусунда +27...+32, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көл облусунда +25...+30 жана Нарын облусунда +26...+31 градус ысыйт.

Ал эми Бишкек шаарында +30...+32, Ошто +33...+35 градусту көрсөтүп турат.

Пикир

Оставить комментарий