• 87
  • 89.63
  • 0.85

80 үй-бүлө соцконтракт аркылуу алган 100 миң сомун иштете албай калган – министр

Коом 0

Бишкек, 02.10.24. /Кабар/. Кыргызстанда социалдык контракттын негизинде берилген 100 миң сомду 80 үй-бүлө иштете албай калган. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, аталган долбоордун алкагында өлкө боюнча 2 жылда аз камсыз болгон 12 миң 800 үй-бүлө ишкерлик кылуу үчүн мамлекеттен 100 миң сом өлчөмүндө каражат алган.

“Көптөгөн жарандар бул долбоордун жардамы менен жашоо-турмушун жакшыртып кетсе, арасында иштете албай калгандар да бар. Мамлекеттен 100 миң сом алгандардын ичинен 80 үй-бүлө иштете албай калып, алган каражатын кайтарып беришкен. Белгилей кетүүчү жагдай, комиссиянын чечими менен ал үй-бүлөлөр кайрадан ай сайын берилүүчү жөлөк пул алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту”, - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий