• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Транспорт министрлиги ашуулардагы абал тууралуу маалымат берди

Коом 0

Бишкек, 09.11.23. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өлкөнүн ашууларындагы жолдордун абалы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, Бишкек — Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап жатат, жол ачык. Ошондой эле Чычкан капчыгайында жана Ала-Бел ашуусунда каттам ачык, Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан күзөт уюштурулган

Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда дагы кар жаап жатат, азыркы учурда жол кыймылына чектөө жок, өтмөк ачык. №36 ЖТИ тарабынан күзөт бар.

Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун Долон жана Кызыл-Бел ашууларында учурда кар жаап жатат, унаа жол ачык, №41 ЖТИ кызматкерлери жеринде иш алып барышууда.

Ысык-Көл облусунун Чоң ашуусунда күн бүркөк, учурда ашуу ачык, каттам бар.

Пикир

Оставить комментарий