• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Соль-Илецк шаарындагы кыргызстандыктар мекенине автобустар менен алынып келет – элчилик

Коом 0

Бишкек, 30.04.20. /Кабар/. Россиянын Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарындагы кыргызстандыктар мекенине автобустар менен алынып келет. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов фейсбуктагы баракчасында билдирди.

Элчиликтин алдындагы штабдын билдирүүсүндө айтылгандай, Казакстан тарап менен болгон сүйлөшүүлөрдүн негизинде, алар Россиянын Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарындагы Кыргызстандын жарандарына Казакстандын аймагы аркылуу өтүүсү үчүн транзиттик коридор берүү боюнча макулдугун билдирген.

"Казакстан тараптын шарты боюнча Кыргызстандын жарандарын мекенине алып кетүү атайын автобус менен медицина кызматкерлеринин коштоосунда жүргүзүлүшү керек", - деп айтылат билдирүүдө.

Билдирүүдө айтылгандай, транзиттик коридор 30-апрелге карата Соль-Илецк шаарында болгон кыргызстандык жарандарга берилет.

"Өткөрмө кагаздары кыргыз тарап 30-апрелге карата берген тизмеге ылайык берилет", - деп айтылат маалыматта.

Казакстан бийлигинин шарты боюнча, жарандар өзүнүн унааларын ал жерде калтырыш керек. Унааларды Казакстандын чек арасы ачылгандан кийин алып кетүүгө болот.

"Буга байланыштуу элчиликтин алдындагы штаб Соль-Илецк шаарындагы Кыргызстандын жарандарын өзүнүн ден соолугун ойлоп, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып мекенге чыгып кетүүгө чакырат. Учурда Кыргызстандын Оренбург шаарындагы ардактуу консулу жана жергиликтүү кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү ал жакта болгон жана автобус менен Кыргызстанга кетүүнү каалаган жарандардын тизмесин түзүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле элчиликтин алдындагы штаб, тизмеге кирип калуу үчүн Соль-Илецк шаарына келүүнү көздөгөн жарандарга кайрылып, жаңы келгендер үчүн Казакстандын чек арасы жабык боло тургандыгына байланыштуу Оренбург облусуна келбөөнү суранат.

"Штаб мекендештерди санитардык-медициналык эрежелерди сактап, өзүн жана жакындарын кароого чакырат", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий