• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстанда дагы 42 бейтап коронавирустан айыгып, үйүнө чыгарылды

COVID - 19 0

Бишкек, 30. 04.20. /Кабар/. 30-апрелге карата республиканын саламаттыкты сактоо уюмдарынан мурда COVID-19 диагнозу тастыкталган 42 бейтап үйүнө чыкты. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Белгилей кетсек буга чейин жалпы 462 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Учурда алардын саны 504кө жетти.

Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан – 8, Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынан – 1, Нарын облусунун Ат-Башы аймактык ооруканасынан – 11, Ош облустар аралык бириккен ооруканасынан – 7, Ош шаардык ооруканасынан – 3, Ноокат аймактык ооруканасынан – 9, Сузак аймактык ооруканасынан 3 бейтап оорудан айыгып, үйүнө чыгарылган.

"Бейтапканадан чыгарылгандар 14 күн үйүндө жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлердин көзөмөлүндө болот", - деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Бул маалыматтар 1-майдагы статистикага кошулат.

Пикир

Оставить комментарий