• 86.8
  • 91.06
  • 0.83

9 айда прокуратура органдары 582 доо арызды 7,2 млн сомго канааттандырды

Коом 0

Бишкек, 26.11.24. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 9 айында прокуратура органдары тарабынан 582 доо арыз 7 млн 267 миң сомго канааттандырылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Ведомстводон маалымдашкандай, жыл башынан бери жалпы 661 жарандык, экономикалык жана административдик тартиптеги доо арыздар каралган.

Ошондой эле соттордо каралган 2496 жарандык (экономикалык) жана 237 административдик иштерге катышуу менен мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча корутундулар берилген.

Прокуратура органдары тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде соттордун негизсиз кабыл алынган соттук актыларына карата жогору турган сотторго 203 сунуш келтирилген. Анын ичинен 138 сунуш каралып, 82 сунуш канааттандырылса, калганы соттордун кароосунда.

Ошону менен менен катар көзөмөл орган прокурорлор жарандар жана мамлекеттик органдар менен тыгыз иштешүүсүнүн натыйжасында салыштырмалуу жылыштар болгондугун жана бул багыттарда жигердүү иштер жүргөндүгүн белгилөөдө.

Пикир

Оставить комментарий