• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Бишкекте №9 балдар искусство мектебинин ачылыш аземи өттү

Коом 0

Бишкек, 21.09.24. /Кабар/. Бишкекте №9 балдар искусство мектеби курулушу бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ачылыш аземге шаар мэри Айбек Жунушалиев, мектептин атын алып жүргөн Даниал Назарматовдун жубайы Саадат Назарматова, дүйнөго белгилүү скрипкачы Даниел Лозакович жана башкалар катышты.

Мектеп жалпы аянты 1117,57 чарчы метр, 0,512 га жер тилкесинде жайгашкан заманбап 4 кабаттуу имарат.

Мектепте ар кандай музыкалык аспаптарда билим ала турган класстар: фортепиано, аккордеон, баян, комуз, скрипка, үйлөмө жана элдик аспаптар, ошондой эле музыка тарыхын үйрөнүүчү бөлмөлөр бар.

Мектептин курулушун "Куб Строй" ЖЧК подряддык уюму жүргүзгөн.

Жаңы мекеме балдардын чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүнүн маанилүү борборуна айланып, шаардын маданий жашоосуна чоң салым кошот.

Пикир

Оставить комментарий