• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте 22-майдан тарта ысык суу бир айга өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 05.05.23. /Кабар/. Бишкекте 22-майдан 22-июнга чейин ысык суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров кол койгон.

"Ысык сууну өчүрүү жылда өткөрүлүүчү профилактикалык иштерге байланыштуу жана жылуулук түйүндөрүн жылуулук мезгилине карата даярдоо максатында болууда", - деп билдирет мэрия.

Мэрия шаар тургандарынан ыңгайсыздыктар үчүн кечирип сурап, ысык суунун өчүрүлүшүнө түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий