• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Абдырахман Маматалиев: Чек аранын чечилиши – эң чоң жетишкендик

Саясат 0

Бишкек, 05.12.24. /Кабар/. Чек аранын чечилиши – эң чоң жетишкендик. Мындай пикирин коомдук ишмер Абдырахман Маматалиев “Ала-Тоо24” каналына билдирген.

Анын айтымында, Кыргызстан менен Тажикстан чек ара маселеси боюнча көп жылдардан бери бир пикирге келе албай жүргөн.

“Бүгүнкү күндө макулдашууга келип, ар бир тилке боюнча сыпаттаманы тактап, ар бир кадамды, метрди эсептегенден кийин маселе комиссиялардын кароосунда бекитилет. Андан соң чек ара боюнча документке өлкө башчылары кол коет. Чек ара маселеси акыркы жылдарда чоң көйгөй болуп, жергиликтүү элдин, жалпы эле мамлекеттик масштабда кыйынчылыктарды, тоскоолдуктарды жараткан, айрыкча жергиликтүү тургундардын жашоосуна оорчулуктарды алып келген маселе болчу. Бул абдан жакшы жаңылык, жакшы жетишкендик деп эсептесек болот”, - деди ал.

Белгилей кетсек, күн мурун Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги отуруму болду. Анда чек ара маселесин чечүүдөгү жыйынтыктоочу документтер даярдала башталары айтылган.

Пикир

Оставить комментарий