Бишкек, 17.09.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик-транспорттук учагы менен Баткен облусуна келди.
Кечээ ок колдонулган чек ара окуясынын натыйжасында Кыргызстандын чек ара кызматынын бир аскери каза таап, бир нече жаран жаракат алган.
Өкмөт башчы жумушчу сапарынын алкагында чек арага жакын аймактагы айылдардын жашоочулары менен жолугушуп, ооруканадагы жабыркагандардан кабар алып, тиешелүү мамлекеттик түзүмдөрдүн жетекчилери менен ыкчам кеңешме өткөрөт.
Пикир
Оставить комментарий