• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Адабият күнүнө карата Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүл коюлду

Маданият 0

Бишкек, 12.12.24. /Кабар/. Бүгүн, 12-декабрь күнү, Бишкек шаарында Улуттук адабият күнүнө карата улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүлчамбар коюу аземи өттү.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, аземге Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин кеңешчиси Бактыбек Секимов, мамлекеттик бийлик өкүлдөрү, маданият, адабият жана илим ишмерлери, шаар тургундары жана коноктор катышты.

Белгилүү болгондой, Чыңгыз Айтматов – XX кылымдын эң улуу жазуучуларынын бири болуп, анын чыгармачылыгы дүйнө жүзүндө таанылган. Анын “Жамиля”, “Кош бол, Гүлсары!”, “Кылым карытар бир күн” сыяктуу чыгармалары ондогон тилдерге которулган. Айтматов кыргыз жана дүйнөлүк адабияттын өнүгүшүнө зор салым кошуп, өз чыгармаларында терең философияны, маданий баалуулуктарды жана жалпы адамзаттык темаларды камтыган.

"Жазуучу адабий чыгармачылыгы менен гана чектелбестен, коомдук жана мамлекеттик иштерге да активдүү катышкан. Ал дипломатиялык кызматтарда иштеп, эл депутаты болгон жана Кыргыз Республикасынын маданий мурасынын символуна айланган",-деп айтылат билдирүүдө.

Жыл сайын өткөрүлүүчү гүлчамбар коюу аземи жана Айтматовдун туулган күнүнө арналган иш-чаралар анын маданиятка жана адабиятка кошкон баа жеткис салымын эске салат. Бул күн улуттук маданий салттарды сактап, өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн эске салуу менен жаш муундарды чыгармачылыкка жана өз маданиятын сүйүүгө шыктандырат.

Эске салсак, Чыңгыз Айтматов 2008-жылы Германияда дарыланып жатып дүйнөдөн кайткан. Анын сөөгү “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексине коюлган.

Пикир

Оставить комментарий