Адылбек Касымалиев Мордовиянын башчысы Артем Здунов менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 17.05.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Казань шаарына (Татарстан) болгон жумуш сапарынын алкагында Мордовия Республикасынын башчысы Артем Здунов менен жолукту.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу "Россия - Ислам дүйнөсү: KazanForum" эл аралык экономикалык форумунун алкагында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Мордовиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана билим берүү тармагындагы кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Адылбек Касымалиев белгилегендей, Кыргызстан Россия Федерациясынын аймактары, анын ичинде Мордовия менен мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет. Ал айыл чарба, өнөр жай, фармацевтика жана туризм сыяктуу тармактарда кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Артем Здунов Мордовия Кыргызстан менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүүгө даяр экенин белгиледи. Ал айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайы жана фармацевтика тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Адылбек Касымалиев үстүбүздөгү жылдын июлунда Россиянын Красноярск шаарында өтө турган кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын алдыдагы отуруму, ошондой эле кыргыз-орус аймактар аралык 11-конференциясы тууралуу маалымат берди.

Мындан тышкары, инвестиция тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн алкагында минкаб төрагасынын биринчи орун басары Мордовиянын бизнес-делегациясын Кыргызстанга иш сапары менен келүүгө чакырды.

Жыйынтыгында тараптар сүйлөшүлгөн бардык маселелер боюнча диалогду улантуу жана тереңдетүү боюнча макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий