Бишкек, 15-февраль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын уюштуруу-штаттык түзүмү өзгөргөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын командачысынын орун басары Жумабаев Айбек Аскарбекович ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Айбек Жумабаев Улуттук гвардиянын командачысынын орун басары кызматынан бошотулду
15/02/17 16:57 Кадр саясаты 0
Пикир
Оставить комментарий