• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Айбек Жунушалиев калаанын райондорун кыдырып, курулуш жүрүп жаткан объектилерге барды

Коом 0

Бишкек, 12.12.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык кызматтардын жетекчилери менен биргеликте Октябрь районун кыдырды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, алар Көк-Жар конушундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 2 кабаттуу имаратында болушту.

Учурда аталган имаратта эшиктерди орнотуу жана тепкичтерге керамограниттерди орнотуу иштери башталууда. Биринчи жана экинчи кабаттардын ички жасалгасы аяктоо стадиясында, биринчи кабаттын ички жасалгалоо иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары, беш унаага эсептелген тез жардам станциясынын монолиттүү конструкциясы толук бүткөрүлүп, дубал иштери да бүткөрүлгөн.

Сырткы инженердик тармактарды туташтыруу жана аянтты жашылдандыруу иштери башталды.

Жаңы клиника 150 бейтапка ылайыкталган. Имараттын жалпы аянты 2607,9 чарчы метрди түзүп, заманбап медициналык кызмат көрсөтүү үчүн бардык шарттар бар. Имаратта ЭКГ жана УЗИ кабинеттери, дарыгерлердин кабинеттери, стерилизация бөлмөлөрү, техникалык жана чарбалык бөлмөлөр, ошондой эле санитардык жайлар каралган.

Калаа башчысы ишти сапаттуу жана тез бүтүрүүнү тапшырды.

Ошондой эле жумушчу топ №71 орто мектеп-интернатынын аймагында жайгашкан объектиде болду.

"Аталган мектеп-интернатка жатакана куруу пландалууда. Азыр дизайн боюнча сынак жарыяланды. Тиешелүү кызматтарга долбоордук-сметалык документтерди белгиленген тартипте бүтүрүп, объектини келерки жылы бүткөрүү боюнча сунуштарды киргизүү тапшырылды",-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий