• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстандын алты муниципалдык суу ишканасы атайын техника менен камсыз болду

Коом 0

Бишкек, 05.07.21. /Кабар/. Кыргызстандын региондорундагы алты муниципалдык суу ишканасы жаңы атайын техника менен камсыз болуп, суу жана канализация системаларын тейлөө кызматтарын жакшыртууга мүмкүндүк алууда. Бул тууралуу Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирет.

Маалыматка ылайык, жаңы жабдуулар Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ), Европа Биримдиги (ЕБ), Европалык инвестициялык банк (ЕИБ) жана Глобалдык экологиялык фонд (ГЭФ) тарабынан берилген инвестициялык пакеттин эсебинен каржыланган.

Балыкчы, Майлуу-Суу, Мырзаке-Куршаб, Талас, Токмок жана Токтогул шаарларындагы муниципалдык ишканалар 32 атайын техниканы (экскаваторлорду, ассенизатор жана жүк ташучу унааларын, крандарды жана пикаптарды) алышты. Бул жабдуулар алардын сапаттуу жана ишенимдүү кызмат көрсөтүүсүнө өбөлгө түзөт.

Долбоорлордун алкагында, алар ошондой эле жарылган түтүктөрдү аныктоочу жабдыктарды, кесиптик шаймандарды жана лабораториялык жабдууларды сатып алышты. Атайын техника жана жабдыктарга жумшалган инвестициянын жалпы суммасы 2,4 млн евродон ашты.

Алты шаарга бөлүнгөн инвестициялык пакеттин ичинде ЕРӨБдүн 4,02 млн АКШ долларына жана 6 млн еврого барабар узак мөөнөттүү насыялары, ЕИБдин 1,45 млн еврого барабар насыясы, ЕРӨБ менен ГЭФтин 1 млн евро жана 1,15 млн еврого барабар гранттары, жана ошондой эле Европа Биримдиги тарабынан инвестициялык жана техникалык колдоо үчүн грант түрүндө берилген 20,55 млн евро каралган.

Жаңы шаймандар алты шаардын 165 миңден ашуун керектөөчүлөрүн таза ичүүчү суу жана жакшыртылган канализация кызматтары менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга колдонулат.

Бул сатып алуулар Кыргызстандын суу жана канализация инфраструктурасын жаңылоого багытталган долбоорлордун маанилүү компоненти болуп саналат.

ЕРӨБ, Япония, Чехия, Финляндия жана ЕРӨБдүн Эрте өткөөл мезгилдеги мамлекеттер фондунун тарабынан техникалык колдоо үчүн берилген 5,67 млн еврого барабар гранттык каражаттар дагы муниципалдык суу ишканаларына менеджментти жана корпоративдик башкаруу принциптерин өркүндөтүүгө жардам берет.

***

2014-2020-жылдар аралыгында Европа Биримдиги түрдүү секторлорду, анын ичинде билим берүү системасы, айыл жергесин комплекстүү өнүктүрүү жана мыйзам үстөмдүгү сыяктуу секторлорду колдоого Кыргыз Республикасына 174 млн еврого барабар көмөк көрсөттү. Мындан тышкары, Европа Биримдиги негизинен өлкөнүн суу секторуна багытталган инвестицияларды колдоо максатында 90,5 млн евро грант бөлүп берди.

ЕРӨБ суу менен камсыздоо жана канализация системаларын жакшыртууга багытталган жана жалпы суммасы 187 млн евродон ашкан 24 долбоорго каржылык салым кошту. Анын ичинен 72 млн евро банк тарабынан кредиттик негизде болсо, калган 115 млн евро грант түрүндө, негизинен Европа Биримдиги жана Швейцария өкмөтү тарабынан берилди. ЕРӨБ кризиске жооп берүү жана калыбына келтирүү чараларын, анын ичинде Өтө маанилүү инфраструктураны колдоо программасын кабыл алды. Ага жараша үзгүлтүксүз иштеши керек делген коом үчүн маанилүү коммуналдык кызматтардын өзгөчө ролу белгиленген.

Бүгүнкү күндө ЕРӨБ 191 долбоор аркылуу Кыргыз Республикасынын экономикасына 795 млн еврого барабар инвестиция жасады. Инвестициянын көпчүлүк бөлүгү жеке ишкерликти колдоого багытталды.

Пикир

Оставить комментарий