Бишкек, 27.10.23. /Кабар/. "Айчүрөк" соода борборунун имаратында жардыруучу зат бар деп жалган билдирүү жасаган жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ИИМ тарабынан борбор калаанын аймагында жардыруучу зат табылгандыгы тууралуу дагы бир иээт бирдирүү жасаган жарандарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлдү.
"26-октябрда саат 11:59да социалдык тармактардагы баракчалардын бирине соода борбордун кызматкерлерине кайрылуу менен "Айчүрөк" соода борборунда жардыруучу зат коюлгандыгы тууралуу анонимдүү билдирүү келип түшкөн. Билдирүү ошол эле соода борбордун кызматкерлерине келген", - деп айтылат маалыматта.
Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча жардыруучу зат коюлганы тууралуу маалымат тастыкталган эмес. Текшерүүнүн алдында бардык жарандар имараттын бардык бөлмөлөрүнөн өз убагында эвакуацияланган. Белгилей кетчү нерсе, жардыруучу зат коркунучу тууралуу ар бир чакыруу, коркунуч чынбы же жалганбы, реалдуу коркунуч катары кабыл алынат.
Ар бир жардыруучу зат тууралуу чалуулар же бидирүүлөр , жалган же тастыкталганына карабастан, ал коркунуч катары каралат.
Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде ИИМдин жана Бишкек ШИИББнын кызматкерлери тарабынан 2004-жылы туулган Россия жараны Бишкек шаарында жашаган Г.А. атуу жигит кармалган. Маалым болгондой, ал коомдук тамактануучу жайда иштейт.
Алдын ала маалыматтарга караганда, бул жаран социалдык тармактарда фейк аккаунт ачып, ал жерден жардыруучу зат коюлгандыгы тууралуу анонимдүү билдирүү жөнөткөн.
Учурда бул адамдын мурда жасалган ушул сыяктуу террордук мүнөздөгү кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча зарыл чаралар көрүлүүдө.
Пикир
Оставить комментарий