• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Ишкер бизге ишене баштады. Сариев Соода-өнөр жай палатасындагы өзгөрүүлөр тууралуу айтып берди

Экономика 0


Бишкек, 27.10.23. /Кабар/. Соода-өнөр жай палатасына (СӨП) ишенип кайтып, кайрылган ишкерлердин саны күн сайын көбөйө баштады. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев "Кабарга" берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда СӨП өнүгүү стратегиясын иштеп чыгып, статусун жогорулатуунун үстүндө иштөөдө.

“Биз Экономика министрлиги менен бирге Соода-өнөр жай палатасынын өнүгүү стратегиясын иштеп чыгып, концепциясын кабыл алдык. Долбоорун жасадык. Мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү жагын да карап, аны Экономика министрлиги аркылуу министрлер кабинетине сунуштап жатабыз. Жакын арада каралып, бул боюнча президенттин жарлыгы чыгышы керек. Ошонун негизинде биз Соода-өнөр жай палатасынын статусун жогорулатканы турабыз”, – деди ал.

Ошондой эле Сариев, мындан ары Соода-өнөр жай палатасы санарипке өтүп, ачык-айкын иштей тургандыгын, бул багытта ири санарип платформа жасалып жатканын кошумчалады.

“Биз санариптик стратегияны иштеп чыктык. Анын негизинде азыр Соода-өнөр жай палатасынын санариптик платформасынын программалык продукциясын жасоо боюнча тендер жарыялаганбыз. Жакынкы үч-төрт айдын ичинде Соода-өнөр жай палатасы толук санарипке өтүп калат. Баары ачык-айкын болот”, – деди СӨПтүн президенти.

Муну менен катар Соода-өнөр жай палатасы регионалдык уюмдарын чоңойтуп, башка өлкөлөрдүн өнөр жай ишканалары менен да тыгыз иштей баштаган.

“Мындан тышкары, биз Соода-өнөр жай палатасынын регионалдык уюмдарын чоңойтуп, аларга кошумча демилге берип, бардыгын иретке келтирип койдук. Ушулардын негизинде мына азыр иштеп жатабыз. Жыйынтыгы көрүнүп жатат. Анткени ишкерлер бизге көбүрөөк ишенип, көп келип калды. Башка мамлекеттердин өнөр-жай палаталары да бизге көп кайрыла баштады. Биз ошонун алкагында бир топ форумдарды өткөрдүк. Ошондой эле чет мамлекеттерде да өзүбүздүн өкүлчүлүктөрдү дайындап жатабыз. Алар дагы бизге Кыргызстандын экономикалык саясатын жайылтып, инвесторлорду тартып, аларды тааныштырып, биздин ишкерлерге көмөк көрсөтөт”, - деди Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Темир Сариев.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы — ишкерлердин башын бириктирген көз каранды эмес уюм. Аталган палата ишкердикти жөнгө салып, ишкерлердин атынан өкмөткө талаптарды коёт. Уюмга катталган ишкер өндүргөн товарын экспортко чыгарууда тиешелүү лицензия, сертификат, экспертизаларды ала алат. Учурда ага 1200дөн ашык фирма мүчө болуп катталган.

Пикир

Оставить комментарий