• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

"Айданфарма" дары-дармектин 100дөн ашык түрүн чыгарууга даярдык көрүүдө – Орунбеков

Коом 0

Бишкек, 10.12.24. /Кабар/. "Айданфарма" дары-дармектин 100дөн ашык түрүн чыгарууга даярдык көрүүдө. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, фармзавод жакында таблетка жана капсулалардын 120 түрүн, майлардын 20, сироп жана суспензиялардын 10дой түрүн чыгарууга камынып жатат.

"Жогоруда белгиленген дары каражаттардын жана медициналык буюмдардын арасында азитромицин, амброксол, ибупрофен, омепразол, ацикловир, диклофенак, каптоприл, кетопрофен, кетотифен, урсодезоксихол кислотасы, стерилдүү жана стерилдүү эмес бинттер, кебездер, спирттүү салфеткалар жана башка каражаттар бар.

Кыргызстандын дары-дармек рыногунун 90%дан ашыгын импорттук продукция ээлейт, ошол себептен дарыга болгон муктаждыктарды атамекендик өндүрүш өзү толук камсыздоосу өтө маанилүү", - деди ал.

Ошондой эле Дайырбек Орунбеков кийинки этап менен экспортко чыгуу мүмкүнчүлүктөрү да караларын, анын эсебинен мамлекеттин ички дүң продукциясынын көлөмү дагы көбөйөрүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий