Айдоочуларга эскертүү! 15-16-майда Бишкек жана Чүйдө айрым көчөлөргө чектөө киргизилет

Коом 0

Бишкек, 14.05.24. /Кабар/. Малайзиянын премьер-министринин иш сапары менен Кыргызстанга келүүсүнө байланыштуу 15-16-майда Бишкек шаары жана Чүй облусундагы айрым көчөлөргө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, атап айтканда:

– "Манас" эл аралык аэропорту жолу Бишкек шаарынын чегине чейин;

– Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен тартып, Жибек-Жолу көчөсүнө чейин;

– Жибек-Жолу көчөсү Фучик көчөсүнөн тартып, чыгышты карай Манас проспектисине чейин;

– Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрү түштүктү карай, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү;

– "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынан тартып, "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине чейинки жолго да убактылуу чектөөлөр киргизилет.

"Бул мамлекеттик маанидеги иш-чара учурунда, жогоруда көрсөтүлгөн жол жээктерине унаа каражаттарын калтырбоону, оор жүк ташуучу унаалар зарылчылык болбосо жолго чыкпай турууну жана жалпы айдоочулардан жол кыймылынын жөнгө салып турган кызматкерлердин талаптарына баш ийип, жол эрежелерин так сактоого чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.

ЖКККББ кырдаалга жараша башка жолдор жабыла турган болсо, кошумча маалымат берилерин эскертет.

Пикир

Оставить комментарий