• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Байланыш мамлекеттик комитети “Вега” компаниясын “Коопсуз шаар” боюнча сынакта жеңүүчү деп тааныды

Коом 0

Бишкек, 21.09.18. /Кабар/. КРнын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети “Коопсуз шаар” сынагы боюнча “Вега” компаниясын жеңүүчү деп тапты. Бул маалыматты “Кабар” агенттигине ведомствонун басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, учурда сынактын шарттарынын алкагында компаниянын атынан тастыктоо күтүлүүдө.

Эске салсак, 4-сентябрда “Коопсуз шаар” долбоору боюнча онлайн аукцион өткөрүлгөн.

Үч раунддун жыйынтыгы боюнча сынактын жеңүүчүсү аныкталган. Ал “Вега” "Радиоуктуруу концерни” ААК болгон. Алар биринчи лот боюнча 1 миллиард 125 миллион сом, экинчи лот боюнча 1 миллиард 195 миллион сом сунушташкан.

Аукционго бул компаниядан сырткары “Альфа Телеком” ЖАК жана “Маалыматтык системалардын коопсуздугу” катышкан.

Пикир

Оставить комментарий