• 84.2
  • 94.34
  • 0.9

Айдоочулук күбөлүк алууга көмөктөшкөн УКМКнын 7 кызматкери тартиптик жазага тартылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.09.24. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өз кызматкерлерине карата көрүлгөн тартиптик чаралар жөнүндө билдирүү таратты.

Маалыматта белгиленгендей, Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктеги комплекстүү коррупциялык схемага бөгөт коюунун алкагында айдоочулук күбөлүктү алууга ар тараптан көмөк көрсөткөн КР УКМКнын айрым кызматкерлери аныкталды.

Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө Мамкомитет башчысынын кызынын айдоочулук күбөлүгүн алууда жардам көрсөткөндүгү үчүн УКМКнын ар кандай кызматтагы 7 кызматкери аныкталып, алардын экөөсү сөгүш, үчөө катуу сөгүш алса, дагы экөө жумушун толук аткарбагандыгы үчүн жазаланды.

Бул чаралар УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жеке көрсөтмөсүнө ылайык кабыл алынгандыгы айтылды.

Азыркы учурда көрсөтүлгөн укукка каршы жосунга тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатканы белгилүү болду.

Пикир

Оставить комментарий