• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кара-Балтада темир жана асбест түтүгүн уурдоого шектелген эки жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.02.22. /Кабар/. Кара-Балта шаарында темир жана асбест түтүгүн уурдоого шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө Кара-Балта шаарында жайгашкан жеке фирманын өкүлү арыз менен кайрылып, 2022-жылдын 24-январында 16 метр темир түтүктү жана 11 метр асбест түтүгүн ишкананын аймагынан уурдап кеткен белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган.

Аталган факт Жайыл РИИБнин кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен катталган.

Чүй ОИИББнын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери жана Жайыл РИИБнин кызматкерлери тарабынан “Ууру” аталышындагы рейд учурунда, ыкчам иш-аракеттеринин негизинде бул кылмышка шектелип 1988-жылы туулган Г.Ш. жана 1993-жылы туулган Х.И. аттуу жарандар кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий