• 86.8
  • 91.19
  • 0.85

Айша Ногойбаева: “Кыргызстанда майыптыгы бар балдарга жакшы көӊүл бурула баштады”

Коом 0

Кыргызстанда майыптыгы бар балдарга көбүрөөк көӊүл бура башташты, стигма акырындык менен жоюлууда, ал эми кайрымдуулук кадыресе көрүнүшкө айланды. "Үмүт-Надежда" реабилитациялык борборунун директору Айша Ногойбаева "Ретро FM" радиосунун эфиринде ушундай пикири менен бөлүштү. Анын сөзү боюнча, бул багытта мамлекеттик органдар жана ири компаниялар дагы олуттуу кадамдарды жасап жатат.

- Сиздердин борбор жөнүндө айтып берсеӊиз. Канча тарбиялануучу бар жана алар кандай жардам алышат?

- Бизде азыр 80 тарбиялануучу бар. Биз майыптыктын оор формаларына кабылган балдарды реабилитациялоо менен иштейбиз, балдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө психологиялык жардам жана социалдык колдоо көрсөтөбүз. Программа мектеп сабактарын, өзүн-өзү тейлөө көндүмдөрүн, социалдык жүрүм-турумду жана өнөрканаларда эмгектенүүнү камтыйт. Мисалы, бакчада эмгектенүү, жыгач устачылык, кол өнөрчүлүк жана ашпозчулук менен иштей алышат. Биз балдарды жашоого көндүрүүгө, ар кандай сынактарга жана иш-чараларга катыштырууга аракет кылабыз.

- Кимдерди кандай принцип менен кабыл аласыздар?

- Биз балдарды ата-энелери менен аӊгемелешүүдөн кийин кабыл алабыз. Тилекке каршы, бизде бош орундар жок, анткени тарбиялануучулар бир топтон экинчи топко өтүп, чоӊойгонго чейин борбордо кала беришет. Биз баарына жардам бергенге аракет кылабыз, бирок баланын саламаттыгын жана муктаждыктарын эске алуу менен жекече чечим кабыл алынат.

- Сиз адистерди даярдайбыз деп учкай айтып өттүӊүз. Кимдер окуй алат жана бул үчүн эмне керек?

- Бизде ар бир ишемби күндөрү атайын семинарлар, ал эми жылына бир жолу – борбордук азиялык чоӊ семинар өткөрүлөт. Бул үчүн катышуучу адамдын педагогикалык же психологиялык билими, эӊ башкысы – жардам берүүгө каалоосу бар болушу керек. Биздин көпчүлүк кызматкерлер ар кандай адистик менен келишкен, бирок аларды балдардын жашоосун жакшыртууга умтулуу бириктирген.

- Мындай адамдар көп элеби? Бул тармакта иштөөнү каалаган адамдарды табуу оӊойбу?

- Бул абдан татаал. Дайыма биздин тармакка келген адамдарды акча же карьера үчүн эмес, жан дүйнөсүнүн чакырыгы боюнча келет деп айтабыз. Биздин кызматкерлердин көбү 15-20 жылдан бери иштейт. Борбордун негиздөөчүсү Карла Мария Шелике аларды ар бир балага карата ишеним артууга шыктандырат.

Мында адамгерчилик көбүрөөк мааниге ээ. Ар бир баладан анын диагнозун эмес, инсандыгын көрүү керек! Анан өзүӊө – ал бала үчүн мен эмне кыла алам, анын жашоо сапатын кантип жакшырта алам деген суроо берүү керек.

- Мындай ишмердүүлүк чоӊ чыгымдарды талап кылары белгилүү. Сиздерди колдоп тургандар барбы?

- Жеке жактардын, уюмдардын жана кайрымдуулук фонддорунун жардамы менен жашап келебиз. Долбоорлорду жазабыз, гранттарга катышабыз. Бул биздин негизги каржылоо булагыбыз. Бизге экинчи жылы катары менен Яндекс жардам берип келет. Былтыр кайрымдуулук сапарлар программасына кошулганбыз. Бул биздин борбор, балдар жана адистер үчүн абдан чоӊ колдоо. Майыптыктын оор формасы менен жабыркаган балдар үчүн коомдук транспортту пайдалануу татаал, көбүнчө таптакыр мүмкүн эмес. Таксиде акысыз жол жүрүү аларга эркин кыймыл-аракет, медициналык кызматтарга жана реабилитацияга жеткиликтүүлүк берет. Быйыл болсо жардам берүү программасына жеткирүү сервиси дагы кошулду.

Ошондой эле, Яндекс «Кеӊ пейил ноябрь» акциясын Кыргызстанда экинчи жылы өткөрдү, анын алкагында компания кайрымдуулукка акча каражаттарын которот. Быйыл чогулган сумма боюнча акцияга Яндекс Go сервисинин дагы көптөгөн колдонуучулары катышканын билүүгө болот. Бул абдан сонун! Менин билишимче, биздин ата мекендик беш фонд үчүн, анын ичинде биз үчүн дагы 1 миллион сомдон көбүрөөк акча чогулду.

- Кандай ойлойсуз, акыркы жылдары майыптыгы бар адамдарга карата мамиле, кайрымдуулук кылуу маданияты канчалык өзгөрдү?

- Акыркы мезгилде көп өзгөрүүлөр болду. Адамдар майыптыгы бар балдарга көӊүл бура башташты, стигма акырындык менен жоюлууда, ал эми кайрымдуулук кадыресе көрүнүш болуп калды. Мамлекет дагы бул багытта көп кадамдарды жасап жатат, анын алкагында жеткиликтүү чөйрө түзүүгө жана майыптыгы бар балдарды ишке орноштурууга көӊүл бурулууда. Кайталай кетейин, жеке компаниялар да өздөрүнүн чоӊ салымын кошуп жатат.

Эгерде биз кайрымдуулук жөнүндө сөз кылсак, анда бул сөзсүз түрдө укмуш чоӊ иш катары сезилет. Ал эми чынында бул ишти кичинеден баштаса болот. Биз көппүз жана эгерде биз бириксек, анда албетте көп сандаган адамдарга жардам бере алабыз.

Пикир

Оставить комментарий