• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Туризм департаменти менен коомдук кайрымдуулук фонду кызматташат. Меморандумга кол коюлду

Коом 0

Бишкек, 24.11.23. /Кабар/. Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти менен "Жамияти Ассалам Лиль Аль Амаал Аль Инсаният Вал Хайрия" коомдук кайрымдуулук фонду туризм тармагында кызматташуу боюнча меморандумга кол койду. Бул тууралуу Туризм департаментинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Документке Туризм департаментинин директору Нурмухамед Миӊбаев жана аталган фонддун негиздөөчүсү, эл аралык кайрымдуулук фонддордун Башкаруу кеӊешинин мүчөсү доктор Набил ХЕМ Альоун кол койду.

Тараптар жолугушууда ошондой эле туризмди өнүктүрүү, өлкөнүн туризм тармагындагы инфратүзүмдү жакшыртуу жана инвестиция тартуу боюнча учурдагы жана келечектеги кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий