• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Айыл чарба министрлиги: Малды көзөмөлсүз союу олуттуу коркунуч жаратат

Коом 0

Бишкек, 20.11.24. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги мал-жандыктарды көзөмөлсүз союу адамдар үчүн олуттуу коркунуч жаратарын эскертет.

Ведомствонун маалыматына караганда, КР "Ветеринария жөнүндө" мыйзамына ылайык мал ээлери жана мал чарба азыктарын өндүрүү, кайра иштетүү, даярдоо, ташуу жана сатуу менен алектенген адамдар базарларда жана соода түйүндөрүндө сатуу үчүн малды үйдө союунун алдын алууга милдеттүү.

Ошондой эле Евразия экономикалык биримдигинин төмөндөгү техникалык регламенттеринин "Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жөнүндө" жана "Эт жана эт азыктарынын коопсуздугу жөнүндө" талаптары милдеттүү болуп саналат. Бул нормативдерге ылайык, союлган эт жана азыктары ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берген ишканалардан гана алынышы керек. Бул талаптарга ылайык келбеген учурда Кыргызстан жана ЕАЭБдин аймагында продукцияларды жүгүртүүгө жана сатууга тыюу салынат.

Белгилей кетүүчү нерсе, жарандар тарабынан жеке керектөө үчүн үйдө же жеке көмөкчү чарбаларда өндүрүлгөн продукциялар өзгөчө болуп саналат. Бул азыктар сатылбайт жана Бажы бирлигинин стандарттары менен жөнгө салынбайт.

Жаныбарларды көзөмөлсүз союу адамдар үчүн олуттуу коркунуч болуп саналат, Анткени ал кургак учук, бруцеллез, күйдүргү, кутурма, эхинококкоз жана башка өзгөчө коркунучтуу зооноздук оорулардын жайылышына алып келиши мүмкүн. Бул оорулар адамдарга булганган эт жана мал азыктары аркылуу жугат. Бул калктын ден соолугуна коркунуч жаратат. Ветеринардык эрежелерди бузуу, ошондой эле айыл чарбасына жана жалпы экономикага таасир этиши мүмкүн болгон жаныбарлар арасында инфекциялардын жайылышына өбөлгө түзөт.

Пикир

Оставить комментарий