• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандагы 6 шаар жана 14 айыл өкмөтүнүн көчөлөрү пилоттук режимде жарыктандырылат

Коом 0

Бишкек, 12.02.24. /Кабар/. Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) көчөлөрдү жарыктандыруу боюнча эксперти Анатолий Сергеевич Шевченкону кабыл алды. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, КРнын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын жана Кыргыз Республикасында “Жашыл экономиканы өнүктүрүү” программасынын иш-чаралар планын ишке ашыруу максатында, өлкөнүн орто жаначакан шаарларында, айыл аймактарында көчөлөрдү жарыктандыруу объектилеринин энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу боюнча долбоорлордун программасы даярдалууда.

"Кудайберген Базарбаев жолугушуунун жүрүшүндө көчөлөрдү жарыктандыруу боюнча эксперт Анатолий Шевченкого Кара-Балта шаары менен Ысык-Ата районунун Туз айыл өкмөтүнүн базасында жарыктандыруу маселелерине бир жума ичинде талдоо жүргүзүп чыгуусун өтүндү", - деп айтылат маалыматта.

Талдоонун жыйынтыгы менен жалпы республика боюнча 14 айыл өкмөтү, 6 шаар көчөлөрдү жарыктандырууда энергияны натыйжалуу пайдалануу, санариптештирүү багытында пилоттук-режимде ишке киргизилмекчи. Эгер пилоттук долбоор өз натыйжалуулугун көрсөтө алса, өлкөнүн бардык аймактарына жайылтылмакчы.

Кошумчалай кетсек, буга чейин өлкө боюнча жарыктандыруу маселесинде энергияны натыйжалуу жана айлана-чөйрөгө зыянсыз пайдалануу боюнча бирдиктүү иш алып барылган эмес. Шаар жана айылдар болсун ар-бири өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша аракетте болуп келишкен.

Пикир

Оставить комментарий