• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектиктер таштандыларды челектерге таштабай жатышат. Себеби эмнеде?

Коом 0

Бишкек, 12.04.18. /Кабар/. Бишкек шаарынын жашоочулары таштандыларды челектерге жеткирбей эле таштап жатышат, “Тазалык” МИсы бул жагдай менен кандай күрөшүүнү билбей жатат. Мындай билдирүү ведомствонун Facebook баракчасында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, бир нече метр ары бош таштанды челектери турат, бирок эмнегедир таштандылар жерде чогулуп калууда. Кийин аларды “Тазалыктын” кызматкерлери колдору менен тазалоого туура келүүдө.

“Биз эмне кылышыбызды билбей калдык. 2 метр ары жакта бош 4 таштанды челектер турат. Тургундар таштандыны эч качан челекке салышпайт, жанына гана таштап коюшат. Алардын бардыгын кол менен тазалоого туура келет. Дареги: Ахунбаев көчөсү 135а”,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетүүчү жагдай, мындай көрүнүш жалпы шаар боюнча байкалып келет.

Пикир

Оставить комментарий