• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Боом капчыгайындагы жол 3-майга чейин маал-маалы менен жабылып турат

Коом 0

Бишкек, 29.04.19. /Кабар/. Боом капчыгайындагы жол 29-апрелден 3-майга чейин маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган күндөрү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайындагы 139-чакырымында таштарды күч менен кулатуу иштери жүргүзүлөт.

3-майга чейин жол кыймылы саат 09:00дөн 15:00гө чейин жабык болот.

"Жолго 30-40тай автоунаа чогулганда таш түшүрүү иштери убактылуу токтотулуп, машиналар өткөрүлүп турат", - деп билдиришти ишканадан.

Пикир

Оставить комментарий