• 87
  • 90.41
  • 0.84

"Айыл чарбасын каржылоо - 10": 4,69 млрд сомго насыя берилди

Экономика 0

Бишкек, 05.12.22. /Кабар/. Айыл чарба министрлиги “Айыл чарбасын каржылоо – 10” долбоору боюнча берилип жаткан насыялар боюнча маалымат таратты.

Ошентип, үстүбүздөгү жылдын 3-декабрына карата 3 категория боюнча 4699836 миң сомго 8274 насыя берилди. Анын ичинен:

1. Өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 1203342,0 миң сомго 2933 насыя берилди, анын ичинен:

банктар боюнча алганда:

– “Айыл Банк” ААК 563572 миң сомго 1174 насыя;

– “РСК Банк” ААК 513870 миң сомго 1309 насыя;

– “КИКБ” ЖАК 75000 миң сомго 206 насыя;

– “Капитал Банк” ААК 16840 миң сомго 87 насыя;

– “КБ Кыргызстан” ААК 34060 миң сомго 157 насыя.

2. Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 2433618,0 миң сомго 4993 насыя берилди, анын иченен:

банктар боюнча алганда:

– “Айыл Банк” ААК 1140000 миң сомго 1976 насыя;

– “РСК Банк” ААК 1030000 миң сомго 2268 насыя;

– “КИКБ” ЖАК 150000 миң сомго 297 насыя;

– “Кыргызкоммерцбанк” ААК 16800 миң сомго 8 насыя;

– “Капитал Банк” ААК 35660 миң сомго 197 насыя;

– “КБ Кыргызстан” ААК 61158 миң сомго 247 насыя.

3. Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү категориясы боюнча жалпы 1062876,0 миң сомго 34 насыя берилди анын ичинен:

банктар боюнча алганда:

– “Айыл Банк” ААК 542311 миң сомго 179 насыя;

– “РСК Банк” ААК 389420 миң сомго 125 насыя;

– “КИКБ” ЖАК 67600 миң сомго 19 насыя;

– “Кыргызкоммерцбанк” ААК 6000 миң сомго 1 насыя;

– “Капитал Банк” ААК 14000 миң сомго 10 насыя;

– “КБ Кыргызстан” ААК 40545 миң сомго 12 насыя.

Пикир

Оставить комментарий