• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Баткен облусунун башчысы: Чек арада абал тынч

Аймак 0

Бишкек, 05.12.22. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев дем алыш күнү Көк-Таш, Аксай жана Капчыгай айылдарына барып, коогалаңдан кийинки үйлөрдүн курулуш иштерин көрүп келди. Бул тууралуу облус башчысы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтуусуна караганда, жалпысынан алганда учурда чек арада абал тынч.

"Иш сапарымда чек арада кызмат өтөп жаткан чек арачылардан кабар алып, аларга өз белегимди тапшырып, Аксай айылындагы чек ара заставасына кирип, жоокерлер менен маектештим. Мекенге ак кызматын арнаган жоокерлердин жашоо турмушу, алардын абалы боюнча сурашып, күч-дем берип, ийгилик каалап кайттым", - дейт облус башчысы.

Пикир

Оставить комментарий