• 87
  • 89.63
  • 0.85

Айыл өкмөттөрдү каржылоого кеткен каражат 1,5 млрд сомго кыскарды - Исалиева

Коом 0

Бишкек, 11.01.25. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. Өлкөдөгү административдик-аймактык реформага чейин айыл өкмөттөрдөгү штатты каржылоого 4,8 млрд сом каражат жумшалса, реформадан кийин 1,5 млрд сомго кыскарды. Бул тууралуу министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин административдик-аймактык түзүлүш маселелери боюнча бөлүмүнүн башчысы Венера Исалиева “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, бул үнөмдөлгөн каражат мамлекеттик бюджетке алынбастан, айыл өкмөттөрдүн өздөрүнүн бюджеттерине калтырылган.

“Административдик-аймактык реформа толугу менен өлкөнүн жети облусунда болду. Анын жыйынтыгы менен жалпы 452 айыл аймагынан 221 айыл аймак кыскартылды. Административдик-аймактык түзүлүш боюнча 2 республикалык маанидеги шаар, 7 облус, 40 райондо 231 айыл аймагы болуп түзүлдү. Ошондой эле мурда 32 шаар болсо, Шамалды-Сай райондук маанидеги шаар болуп түзүлүп, учурда 33 шаар бар. Реформанын натыйжасында 1 шаар түзүлдү”,- деди Венера Исалиева.

Ошондой эле, административдик-аймактык реформанын натыйжасында айыл өкмөттөрдө штаттар кыскартылып, натыйжалуу система ишке киргендигин Венера Исалиева кошумчалады.

“Бул көп жылдан бери күткөн мамлекетке керектүү реформа болду. Реформанын негизги максаты биринчиден калктын жашоо деңгээлин жакшыртуу, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын деңгээлин көтөрүү менен башкаруунун ийкемдүү, натыйжалуу системасын киргизүү жана региондордун социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу болуп саналат.

Белгилей кетсек, административдик-аймактык реформага чейин айыл өкмөттөрдө 8 миң 696 штат болсо, реформадан кийин 4 миң 773 штат калды. Болжол менен 50 пайыз кыскартылып, учурда 3 миң 923 штат калды”,- деди ал.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 30-декабрында “Административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, өлкөнүн дээрлик бардык райондорунда айыл аймактарынын көпчүлүгү ирилештирилди.

Пикир

Оставить комментарий