• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Ак-Талаада май куюучу жайдын 12 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Аймак 0

Бишкек, 04.10.24. /Кабар/. Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы май куюучу жайдын 12 млн сомдон ашык жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМКнын тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагынын балансына май куюучу жайдын жер участогу кайтарылды, анын болжолдуу баасы 12 млн 300 миң сомду түзөт.

Мамлекеттик органдардын айрым кызмат адамдары жеке ишкер менен тил табышып, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Нарын облусунун Ак-Талаа районунда май куюучу жай куруу үчүн жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз чыгарып кетишкени аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий