• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

“Ак-Жол” бекетинде жарандар жана унаалардын өтүүсүнө коюлган чектөө алынды

Коом 0

Бишкек, 01.09.22. /Кабар/. Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол” өткөрүү бекетинде жарандар жана унаалардын өтүүсүнө коюлган чектөө алынды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бекеттен жарандар, транспорт каражаттар жана жүк ташып өтүлүүдө.

Эскерте кетсек, “Ак-Жол” бекетинде саат 15:00дөн 18:00гө чейин унааларды жана адамдарды өткөрүү убактылуу токтотулган. Аталган бекеттин иши тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү тутумунун маалымат базасын жаңылоого байланыштуу токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий