• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте көрктөндүрүү иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 01.09.22. /Кабар/. Бишкек шаарында көрктөндүрүү иштери уланууда. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, борбор калаада жол инфраструктурасын оңдоо, жол белгилерин чийүү жана көчөлөрдөгү жол белгилерин орнотуу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүп жатат.

"Киев көчөсүнүн (түндүк тарабы) Ибраимов көчөсүнөн Ж.Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү тротуарды асфальтоо иштери жүргүзүлдү. Азыркы тапта курулуш иштери Ж.Абрахманов көчөсү менен К.Тыныстанов көчөсүнүн аралыгында жүрүүдө.

Ошондой эле Айтиев көчөсүндө жайгашкан аялдаманын капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, асфальт төшөө иштери аткарылды. Айта кетсек, бул аялдаманын алдынан өткөн ирригация тармагы жараксыз абалга келген", - деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, Ак Бата конушунда жаңы курулуп жаткан мектептин аймагын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Мектептин ички тротуарларын асфальттоо жана аны менен бирге ирригация тутумун орнотуу иштери аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий