• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Акылбек Жапаров жумушчу сапары менен Екатеринбургга келди

Өкмөт 0

Бишкек, 09.07.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 9-июлда жумуш сапары менен Россиянын Екатеринбург шаарына келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Екатеринбург шаарында минкаб башчысы Акылбек Жапаров РФ өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен бирге «Технологиялык өнөктөштүк: эл аралык бизнестин чордону» темасында ИННОПРОМ-2024 негизги стратегиялык сессиясына жана көргөзмөсүнө катышат.

Андан ары минкаб башчысы Красноярк шаарына барып, соода-экономикалык, илимий-техникалык жаа гуманитардык кызматташтык боюнча Кыргызстан-Россия өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги отурумуна жана Кыргызстан-Россия региондор аралык 11-конференциясына катышаары күтүлүүдө

Пикир

Оставить комментарий