• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Акылбек Жапаров Россия Федерациясынын "Достук" ордени менен сыйланды

Коом 0

Ысык-Көл, 12.09.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Ысык-Көлдүн Бостери айылында VI Кыргызстан-Россия экономикалык форуму өтүүдө.

Иш-чаранын расмий ачылышында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россия Федерациясынын "Достук" ордени менен сыйланды.

Сыйлыкты Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук тапшырды.

"Достук" ордени Акылбек Жапаровго эки өлкөнүн достугун жана кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыйгарылды.

Пикир

Оставить комментарий