• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте жаңы окуу жылына карата даярдыктар көрүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 10.08.23. /Кабар/. Бишкектин Ленин районунун мектеп жана бала бакчалары 2023-2024-окуу жылына карата даярдык иштетин улантууда.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Ленин районунун акиминин орун басары Айзада Жунусова, билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева жана райондук билим берүү борборунун директору Таалайгүл Темирканова №59, №40, №97, №79, №93, №57, №7, №82, №95, №9 жана №26 ,№28 мектепке чейинки билим берүү мекемелерин текшеришти.

Учурда билим берүү мекемелеринде куруучулар жылытуу системасынын түтүктөрүн, терезелерди, радиаторлорду алмаштырып, коридорлорду, чечинүүчү бөлмөлөрдү жана санитардык түйүндөрүн оңдоп жатышат.

Пикир

Оставить комментарий